Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Кечээ, 20-октябрь күнү Ош шаарындагы «Нооруз» спорт комлексинде имамдардын ортосунда салтка айланган спорттук мелдеш болуп өттү. Бул иш-чара Ош шаарынын так ортосунда өтүп, мечит имамдары тарабынан уюштурулуп, дин кызматкерлеринин ынтымагын бекемдөө, сергек жашоого үндөө жана достук мамилелерди чыңдоо максатын көздөдү.
Мелдешке жалпы эле Ош шаарындагы мечиттердин имамдары катышып, спорттун футбол түрү боюнча күч сынашты. Иш-чарага Ош шаарынын казысы Самидин кары Атабаев катышып, мелдешке катышкан имамдарга ийгилик каалап, мындай саамалыктар биримдикке жана ынтымакка өбөлгө түзөрүн белгиледи.
Жеңүүчүлөргө сыйлыктар жана грамоталар тапшырылып, катышуучуларга ыраазычылык билдирилди. Бул сыяктуу иш-чаралар мындан ары да үзгүлтүксүз өткөрүлүп, дин кызматкерлеринин арасындагы ынтымакты чыңдоого багытталары белгиленди.