Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Бүгүн, 16-октябрь күнү Ош шаарындагы Ош мамлекеттик университетинин башкы корпусунун жыйындар залында эл аралык "Мавераннахрдан Анатолияга ислам аалымдары: Караханиддер доору" симпозиуму өткөрүлдү. Илимий саамалыкка Ош шаарынын казысы Самидин кары Атабаев, Ош облусунун мусулмандарынын казысы Султанали ажы Гапуров, Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттигинин түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Фурхатбек Адилбек уулу, Ош мамлекеттик университетинин жетекчилиги, Түркиядан келген илимпоздор тобу, Ош облус менен Ош шаарынын имамдары жана теология факультетинин мугалимдери менен студенттери катышты.
Иш-чара башында ОшМУнун жетекчилиги, облус казысы Султанали ажы Гапуров, шаар казысы Самидин кары Атабаев жана Түркиядан илимпоздор тобунун жетекчилери ачылыш сөзгө чыгып, кыскача баяндама жасап өтүштү.
Шаар казысы Самидин кары Атабаев Мавераннахр аймагынан чыккан атактуу ислам аалымдары боюнча кеп кылып, ушул аймактан учурда да ошол даражадагы аалымдарды чыгаруу учурдун талабы экенин баса белгиледи.
"Мындан бир жума мурун эле Караханиддер доорунда зынданга атылган улуу ислам аалымы Имам Сарахсий тууралуу омоктуу симпозиум болгон. Бүгүн болсо Караханиддер доорундагы көптөгөн аалымдар, окумуштуулар, дегеле илимде из калтырган ислам илимпоздору боюнча маалыматтар берилүүдө. Кудай буюрса, ушул чөлкөмдөн Караханиддер доорундагыдай ислам аалымдары чыгат деп ишенем", – деди шаар казысы Самидин кары Атабаев.
Андан соң Ош облустук мусулмандарынын казысы Султан ажы Гапуров: "Караханийлер доорунда түрк тилдүү элдер ислам динин жакындан таанып, мамлекеттик расмий дини болуп саналган. Андан кийин түрк тилдүү элдердин арасынан ислам дүйнөсүнө зор салым кошуучу аалымдар чыга баштаган. Албетте бул тууралуу симпозиумда илимпоздор тарабынан толук маалыматтар берилсе керек. Учурда ислам илимдери боюнеча ОшМУнун теология факультети алгылыктуу иштерди жүргүзүп келет. Факультет көптөгөн студенттерди чыгаруу менен бирге имамдарга окуу курстарын уюштуруу иштеринде да көмөк көрсөтүп келүүдө", – деди облус казысы Султанали ажы Гапуров.