«Силердин жакшыраагыңар Куранды өзү үйрөнүп, аны башкаларга үйрөткөндөр» (хадис)
Регионы | 28.01.2026
  • |

Ошто «Йакын-Инкар» тобунун мүчөлөрү мурдагы идеологиясынан баш тартышты

Бүгүн, 28-январь күнү Ош шаарындагы «Имам аль-Бухарий-Алай» атындагы борбордук мечитте ишмердүүлүгүнө тыюу салынган «Йакын-Инкар» тобунун мүчөлөрүнө багытталган жыйын өткөрүлдү. Дин кызматкерлеринин катышуусунда өткөн жыйналышта алар «Йакын-Инкар» идеологиясынан баш тартышты. 

Иш-чарага Азирети Муфтийдин Ош шаарындагы өкүлү Самидин кары Атабаев, орун басары Акжол ажы Бакиров, Азирети Муфтийдин Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары Абдумалик ажы Турсунбеков, Ош облусуна караштуу райондордун башкы имам-хатибдери, Ош шаарындагы мечиттердин имамдары жана  орун басарлары катышты. 

Жыйында Азирети Муфтийдин Ош шаарындагы өкүлү Самидин кары Атабаев биримдикте болуу, мамлекеттик мыйзамдарды сыйлоо, КМДБнын фатваларына баш ийүүнүн маанилүүгү, мазхаб камануунун зарылдыгы, коомго ханафи мазхабы жана матуриди ишенимдерин таратуу зарылдыгына токтолду.

«Адашкандын айыбы жок, кайтып үйүрүн тапкан соң» деген жакшы сөз бар кыргызда. Бул замандаштарыбыз ушунча дин кызматкеринин күбөлүгү алдында «Йакын-Инкар» тобунан баш тартып, тообо кылышканын айтып жатышат. Алла Таалам кылган тооболорун кабыл кылсын. Кудай буюрса, алдыда ханафи мазхабы жана матуриди акыйдасы боюнча атайын окутууларды уюштурууну пландап жатабыз», – деди Самидин кары Атабаев.

«Бардык адам баласы катачылык кетирет. Катачылык кетиргендердин эң жакшысы тообо кылгандар.  Биз бул топко кандай киргенибизди да билбей калдык. Мына бүгүн тообо кылып жатабыз», – деди баш тарткан топтун мүчөлөрүнүн бири.

Белгилей кетсек, өлкөнүн башка аймактарында да «Йакын-Инкар» тобунан массалык түрдө баш тарткан жарандар катталууда.