Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Бүгүн, 24-сентябрь күнү Ош шаарындагы "Орто Азия" мейманканасынын жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин демилгеси жана “Кыргыз Республикасынын Улуттук жарым ай коому” Коомдук бирикмесинин колдоосу менен “Коопсуздукту, саламаттыкты жана коомдун гармониясын камсыз кылууда диндер жана этностор аралык кызматташтык” деген темада конфессиялар жана этностор аралык кеңештин кезектеги жыйынын өткөрдү.
Бул демилге 2021–2026-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын жана Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн концепциясынын иш-чаралар пландарын ишке ашыруунун алкагында болду.
Иш-чаранын жүрүшүндө тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн презентациялык маалыматтар берилди.
Аталган жыйынга Ош облусунун мусулмандарынын казысы Абибилла ажы Кадырбердиев, Ош шаарынын казысы Самидин кары Атабаев, Дин иштери жана этностор аралык мамилелер улуттук агенттигинин түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Фурхатбек Адилбек уулу жана Конфессиялар жана этностор аралык кеңештин мүчөлөрү катышып, кеңештин төрагасы Абибилла ажы Кадырбердиев болуп бекитилди.
Белгилей кетсек, Ош шаары жана Ош облусу боюнча түзүлгөн конфессиялар жана этностор аралык кеңеши учурда түрдүү диний уюмдардын жана этностордун өкүлдөрүн бириктирип, конфессиялар аралык диалогду өнүктүрүү, диндерге урматтоо менен мамиле кылуу, толеранттуулук жана сабырдуулук принциптерин жайылтуу, ошондой эле радикалдашуунун алдын алуу максатында жыл сайын ушул сыяктуу иш-чараларды өткөрүп келет.