Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Регионы | 27.10.2025
  • |

Ошто маркум Саибжан карынын жаркын элесине арналган спорттук мелдеш өткөрүлдү

Ош облусунун мурдагы казысы маркум Саибжан кары Абдувахидовдун жаркын элесине арналган спорттук мелдеш өткөрүлүп, анда облус аймагында диний окуу жайлардын студенттери спорттун волейбол, футбол жана стол теннис түрлөрү боюнча достук беттештерин өткөрүштү.

"2013-2014-жылдары Ош облусунда казылык кызматын аркалап жатып, диний окуу жайлардын студенттери арасында спорттук мелдештерди өткөрүүнү уюштуруп баштаган элек. Арадан 10 жылдан ашуун убакыт өтүп, кайра Ош облусуна казылык кызматына келсем, биз баштаган спорттук мелдештер жанданып, жылына эки жолу өткөрүлүп жатканына кубанып турабыз. Албетте бул медресе студенттеринин бири-бирин таануусу жана достук мамилелерди бекемдөө үчүн уюштурулуп келинүүдө. Буйруса билим таймаштарын да өткөрүп баштайбыз деп пландап жатабыз", – деди облус казысы Султанали ажы Гапуров.

Аталган мелдештин жеңүүчүлөрү: 

Спорттун футбол түрү боюнча:
1-орун "Имам Мухаммад" медресеси;
2-орун "Бусалима" медресеси;
3-орун "Борбаш" медресеси.

Спорттун волейбол түрү боюнча:
1-орун "Абу Бакр Сыддык" медресеси;
2-орун "Шарип ата" медресеси;
3-орун "Молдо Таабалды ажы" медресеси.

Айта кетсек, Ош облусунун аймагындагы диний окуу жайлардын студенттери арасында спорттук мелдеш жылына эки жолу өткөрүлөт. Бул жолкусунда "Абу Бакр Сыддык" медресеси тарабынан уюштурулду. Аймактык казыяттан билдиришинче, бул саамалык "Умму Мухаммад" медресеси тарабынан башталган.