«Эркек болобу, аял болобу – ким ыйман келтирип, жакшы амал кылса, Биз ага жакшы жашоо беребиз» (Нахл сүрөсү, 97-аят)
Ош облусунун Өзгөн районунун баш имам-хатибинин милдетин аткаруучу Үсөн Маматтурсун уулу Шоро-Башат айылындагы «Гүлистан» мечитинин имамы Азимбай ажы Айматовго жергиликтүү тургундар Орозо айт майрамына карата автоунаа белек кылышкандыгын билдирди.
«Имамдарыбыз өз милдетин жоопкерчилик менен аткарып, элдин ынтымагын сактоодо алгылыктуу иштерди жасап жаткандыктан, мактоого татып, ар тараптуу колдоо болуп жаткандыгы баарыбызды кубандырат. Уюштурган демилгечи жаштардан Аллахым ыраазы болсун. Бул жөрөлгө башкаларга да үлгү болот деп ишенебиз», – деди Үсөн Маматтурсун уулу.
Айта кетсек, Азимбай ажы Айматов «Гүлистан» мечитинде 22 жылдан бери имамдык кызматын аркалап келүүдө. Имам дамланын эмгегин баалап, жергиликтүү жаштар өздөрү демилге көтөрүп, жаш курагы боюнча топтолушуп акча чогултуп Hyundai Gets үлгүсүндөгү авто унааны Орозо айт майрамына карата белек кылышкан.