Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Регионы | 07.11.2025
  • |

Өзгөндө Куран жарышы өткөрүлүп, жеңүүчүгө автоунаа ыйгарылды

Бүгүн, 6-ноябрь күнү Ош облусуна караштуу Өзгөн райодук хатибиятынын демилгеси менен райондук деңгээлде Куран жарышы өткөрүлүп, ачылыш аземинде облус казысы Султанали ажы Гапаров катышуучуларга ийгилик каалап, демөөрчүлөргө ыраазычылык билдирди.

"Жаштардын таалим тарбиясы өзгөчө маанилүү болуп турган учурда, чогулткан каражатын жаштар үчүн Куран мелдешин өткөрүүгө жумшаган маркум Айдар атанын балдарынан Аллахым ыраазы болсун. Үйдө Куран жарышын өткөрүүнү баштап жатасыздар. Башкалар да үлгү алып, үзгүлтүксүз улантуучу жакшы адатка айлансын", – деди облус казысы Султанали ажы Гапуров.

Ошондой эле, чогулган элди үй-бүлө баалуулуктарын сактоого, бала тарбиялоодо жоопкерчиликтүү болууга чакырды. Жергиликтүү мечит имамдарына сый көрсөтүп, балдарына ислам баалуулуктарын үйрөтүүдө имам менен тыгыз мамиледе болуу жөнүндө кошумчалады. 

Райондун баш имам-хатиби Үсөн Маматтурсун уулу аталган мелдеш Курандан 15 пара, 10 пара, 5 пара жана кооз окуу боюнча болуп, байге фонду Ийри-Суу айылындагы Айдар ата менен Өктөм апанын балдары Мамадали Зулпукаров жана Жолчубай Зулпукаров, ошондой эле беш кыз бир туугандары тарабынан каржылангандыгын билдирди. 

"Куран жарышы хатибият тарабынан демилгеленип, ага демөөрчүлүк кылган Айдар ата менен Өктөм апанын балдары Зулпукаровдор маркум ата-энеси жана иниси менен келининин жаркын элесине арнап, элге аш берип, башкаларга да үлгү болуусу үчүн Куран мелдешин үйдүн короосунда өткөрүүнү суранышкан. Жергиликтүү элдин адатынча аш бергенде улак өткөрүшчү, бул жолкусунда улак үчүн коюлуучу байгелерди Куран мелдешине коюп беришти. Аллахым ыраазы болсун", – деди баш имам-хатиб Үсөн Маматтурсун уулу.

Куран жарышынын жеңүүчүлөрү: 

15 пара боюнча:
1-орун – Хоринов Абдулвосиъ (автоунаа)
2-орун – Ахмаджанов Абдулла (1 тай)
3-орун – Мавлянов Абдулбарий (1 торпок)

10 пара боюнча:
1-орун – Жахангиров Ажыакбар (1 тай)
2-орун – Исмайылжанов Осмон (1 торпок)
3-орун – Маткаримов Ислам (1 кой)

5 пара боюнча:
1-орун – Жалилов Абдулхаким (1 тай) 
2-орун – Адилжанов Мухаммадсадык (1 торпок)
3-орун – Мойдунжанов Кудратулла (1 кой)

Кооз окуу боюнча:
1-орун – Вахабжанов Абдулбари (1 тай)
2-орун – Мухтаров Минхажидин (1 торпок)
3-орун – Убайдуллаев Хайрулла (1 кой)

Айта кетсек, Ош облусунун мусулмандарынын казысы Султанали ажы Гапуров Өзгөнгө болгон иш сапарында район акими Каныбек Апбасов менен жолугушуп, анда райондо аткарылган түшүндүрүү иштерин жана алдыда өткөрүлө турган иш-чараларды талкуулашты.