Анас ибн Малик (р.а.) мындай риваят кылат: “Аллахтын Элчиси Пайгамбарыбызﷺ Меккеден Мадинага хижрат кылып келгенде, Мадина элинин майрамдай турган эки күнү бар эле. Аллахтын Элчисиﷺ: “Бул эмне болгон күн?” – деп сураганда, алар: “Жахилият доорунда ушул эки күндү майрамдачу элек”, – деп жооп беришет. Ошондо Аллахтын Элчисиﷺ: “Бул эки күндү (таштагыла). Аллах силерге андан да жакшы болгон Курман айт менен Орозо айтты майрам кылып берди” – деди”. Абу Дауд:1134
Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун баш имам-хатибинин милдетин аткаруучу Үсөн Маматтурсун уулу хатибият тарабынан районго Ислам чырагын жагып, динибизге ат көтөргүс кызмат кылган аксакал дин кызматкерлерин орозо айы жана айт майрамы менен куттуктоо, аксакал аалымдардын батасын алуу максатында “Улуулар баскан уңгужол” аталышында иш-чара өткөрүлгөндүгүн билдирди.
Иш-чаранын алкагында райондун баш имам-хатибинин милдетин аткаруучу Үсөн Маматтурсун уулу жана хатибият жамааты райондогу динге зор салым кошкон имамдар, дин кызматкерлеринин кээ бирлерин ыйык айда зыярат кылып, Азирети Муфтийдин салам-дубасын жеткирип, айт майрамы менен куттуктап ак баталарын алышты.
Зыярат кылынган инсандардын ичинде районго белгилүү Абдымомун ажы, Жалалидин ажы, Асатилла ажы, Махмуджан ажы, Мубарак ажы жана Абдурахман карылар бар.