Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун баш имам-хатибинин м.а. Үсөн Маматтурсун уулу райондогу жалпы имамдар бирдиктүү формага өтүп жаткандыгын билдирди.
Бирдиктүү формалар атайын Бишкектен тигилип, каражат жагы демөөрчүлөр тарабынан колдоого алынган.
Учурда бирдиктүү формалар Жалпак-Таш, Куршаб, Кызыл-Октябрь, Кароол, Мырза-Аке, Кара-Шоро жана Салам-Алик аймагындагы имамдарга таратылды.
Баш имам-хатиб жана хатибият кызматкерлери ар бир аймакты кыдырып жыйын өткөрүү менен бирге формаларды акысыз белек катары тапшырууда.
"Учурда районубуздагы 7 айыл өкмөттөгү жалпы имамдарына бирдиктүү формалар тапшырылды. Калгандары да тигүү цехинде тигилүүдө. Буйруса имамдарыбыз жакынкы күндөрү диний жөрөлгөлөрдү аткарууда, эл алдында кызмат кылууда улуттук баалуулуктарды камтыган, диний талаптарга жооп берген бирдиктүү формага толук өтүшөт", – деди баш имам-хатибдин милдетин аткаруучу Үсөн Маматтурсун уулу.