Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Регионы | 03.03.2025
  • |

Самидин кары Каракол борбордук мечитинде орозо тууралуу баян кылды

Ысык-Көл облусунун казысы Самидин кары Атабаев Каракол шаарынын борбордук мечитинде таравих намазында элди орозонун кирип келиши менен куттуктап, анын мааниси тууралуу баян кылды.

Ошондой эле, бул мечитте жаш кары Нур-Мухаммад Саламатов таравих намазында Куран хатмын баштады. Жаш карыны мечит жамаат кубануу менен кабыл алды.

Намаздан соң Самидин кары орозонун сооптору жана анын руханий баалуулугу тууралуу айтып, баарына жакшылык, береке жана ийгилик тилеп өттү.