«Чындыгында, Аллахтын алдында силердин эң ардактууңар – эң такыбаңар» (Хужурат сүрөсү, 13-аят)
Регионы | 09.02.2026
  • |

Султанали ажы Гапуров дин ишмери, жазуучу Абдинаби ажы Жунусовду кабыл алды

Азирети Муфтийдин Ош облусундагы өкүлү Султанали ажы Гапуров Кыргызстан аксакалдар жана курултай даанышмандар кеңешинин Ноокат району боюнча төрагасы, дин ишмери, жазуучу Абдинаби ажы Жунусовду кабыл алып, анын динге кызмат кылган аалымдардын өмүр баянын кагазга түшүрүп, китеп абалына келтиргендиги жана башка бир топ эмгектерин эске алуу менен сый көрсөтүп, аксакал ажынын ак батасын алды.

"Сахабалардын жолун уланткандар" аттуу китебиңиз аркылуу динге кызмат кылган аалымдардын өмүр баянын кагазга түшүрүп, чоң эмгек кылгандыгыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз. Ага чейин да бир топ эмгектериңизди окуп, анда райондук, облустук деңгээлдеги аалымдар боюнча жазган элеңиз. Эми минтип Фергана өрөөнүндө жетилген үлкөн аалымдар тууралуу жазып, эмгегиңиздин көлөмү артып барууда. Дагы да калемиңиз курчуй берсин деп тилейбиз. Силерди сыйлап, ак батаңыздарды алуу биздин милдетибиз", – деди Султанали ажы Гапуров.

Абдинаби ажы Жунусов тууралуу кыскача маалымат:

Абдинаби ажы Жунусов 1938-жылы Ноокат районунда туулган.

1997-2022-жылдар аралыгында Ноокаттагы "Кара кесек" мечитинин имамы болуп иштеген.

2007-2024-жылдар аралыгында райондук хатибиятта адис болуп кызмат кылган.

Китеп жазууга болгон алгачкы кадамы:
2015-жылы райондун баш имам-хатиби маркум Маматкасым ажы Турдубаев Абдинаби ажы Жунусовдун жазууга болгон жөндөмдүүлүгүн айтып, аалымдардын өмүр баянын кагазга түшүрүү боюнча сунушун берген. Дамланын сунушу менен Ноокат районунан динге кызмат кылып өтүп кеткен 52 аалымдын өмүр баянын кагазга түшүрүп, алгачкы китебин жазган.

Алгачкы чыгармасы үчүн 2017-жылы КМДБ тарабынан Ардак грамота тапшырылган. 

Эмгектери:
- «Ноокаттан чыккан атактуу аалымдар»;
- «Өмүрү өрнөктүү инсандар»;
- «Динибизге кызмат кылгандар» китеби;
- «Сахабалардын жолун уланткандар».