«Бейиш – энелердин таманынын астында» (Насаи)
Кечээ, 12-март күнү Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин Ош облусундагы өкүлү Султанали ажы Гапуров Ош мамлекеттик университетинин Эл аралык билим берүү программалары колледжинин студенттери менен жолугушту.
Жолугушууда диний өкүл билим алуунун зарылдыгы жана артыкчылыгы боюнча баяндама жасап, ага кошумча үй-бүлө баалуулуктары, ата-энени, мугалимдерди сыйлоо жана туура жүрүм-турум эрежелери боюнча белгилеп өттү.
«Динибиз ар бир мусулманды илим алууга чакырат. Анткени илим алуу – бул парз болуп эсептелет. Адам баласы ар дайым изденүү менен аракет кылып илим алуусу керек. Өзгөчө студенттик кезде убакытты туура пайдалануу зарыл. Окуу учурунда иштегендер, окууга ар түрдүү шылтоолор менен келбегендер кийин өкүнүп калуусу мүмкүн. Окуп илим алууда, сабакта өтүлгөн маалымат жана окуу программасынан сырткары да изденип илим алуу учурдун талабы болууда. Ошондой эле, адамгерчиликтүү болууга, коом менен байланыш түзүү, элге болгон мамилени жакшыртып, ата-энеге, мугалимдерге сый-урмат көрсөтүү милдет», – деди Султанали ажы Гапуров.
Иш-чаранын соңунда аталган окуу жай тарабынан Султанали ажы Гапуровго ыраазычылык баракчасы тапшырылды.