«Ким сабыр кылса, Аллах ага сабырдуулук (чыдамкайлык) берет. Адамдарга сабырдуулуктан өткөн жакшылык берилген эмес» (Муслим, Зекет, 124).
КМДБнын Ош облусундагы өкүлүнүн милдетин аткаруучу (казы) Султанали ажы Гапуров КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө Ош облусундагы диний кырдаал талкууланып, мындан ары да кызматташтыкты чыңдоо багытында тыгыз иш алып баруу талкууланды.
Ошондой эле, облус аймагындагы мечиттердин абалын жакшыртуу, каттоодон өтө элек мечиттердин тиешелүү иш кагаздарын тездетүү жана кээ бир айылда 3-4 мечиттин болушу элдин ынтымагына таасирин тийгизиши мүмкүндүгү жөнүндө маселелер каралды.
Султанали ажы Гапуров жаңы дайындалган жетекчинин ишине ийгилик каалап, дубасын берди.
Эскерте кетсек, Аманкан Кенжебаев 2025-жылдын декабрь айында Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган.