«Ким Аллахтан корксо жана сабыр кылса, албетте Аллах жакшы иштерди жасагандардын эмгегин текке кетирбейт» (Юсуф, 90).
Бүгүн, 27-октябрь күнү Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев Ош облусунун мусулмандарынын казысы болуп дайындалган Султанали ажы Гапуров менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасынын Президентинин тиешелүү жарлыктарын аткаруу алкагында Ош облусунда жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттер тууралуу пикир алышып, мындан ары да кызматташтыкты чыңдоо максатында тыгыз иш алып барууга кызыкдар экендиктерин белгилешти.
Облус жетекчиси жаңы дайындалган казынын ишине ийгилик каалап, коомдо ыйман, ынтымак жана тынчтыкты бекемдөөдө диний кызматкерлердин орду өзгөчө экенин баса белгиледи.