Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
КМДБнын Ош облусу боюнча өкүлү Султанали ажы Гапуров Кара-Суу районундагы "Салиха" диний окуу борборун зыярат кылып, мугалимдерине ыраазычылык билдирди.
Жолугушууда көп жылдардан бери "Салиха" диний окуу борборунун жетектеп, аялдардын диний билим алуусунда, үй-бүлө институтун бекемдөөдө, өлкөбүздөгү салттуу исламдын өнүгүүсүнө кошкон зор салымы үчүн Замирахон Маруфиге өкүлчүлүктүн Ардак грамотасы тапшырылды.
Ошондой эле, Ош облусу боюнча жалпы аялдардын диний билим алуусунда эбегейсиз кызмат кылып келе жаткан Жамила Жапашовага да өкүлчүлүктүн Ардак грамотасы тапшырылды.
«Диний жаатта көп жылдардан бери кызмат өтөп келе жаткан аксакал аталар менен энелерди ар дайым сыйлап, урматтообуз керек. Алар кылган эмгектери ат көтөргүс экендиги талашсыз. Өзгөчө Кара-Суу району боюнча Замирахон эже мыкты кызмат кылып келген болсо, Ош облусу боюнча Жамила эженин эмгеги чоң. Ошондой эле, алардын колуна кол, бутуна бут болуп берген жалпы медресе мугалимдерине ыраазычылык билдиребиз», – деди Султанали ажы Гапуров.