"Жамаат менен окулган намаз жеке окулган намаздан 27 даража артык".
 (Бухари, №645; Муслим, №650)
Регионы | 30.03.2026
  • |

Сулумбек ажы Узеналиев Кемин районунун акими менен жолугушту

Азирети Муфтийдин Чүй облусундагы өкүлү Сулумбек ажы Узеналиев иш сапарынын алкагында Кемин районунда расмий жолугушуу өткөрдү. Анда район акими Канболот Тутуев менен жолугушту. Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Президентинин Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик комиссиясынын Чүй облусундагы өкүлү Замир Өмүрзак уулу жана Кемин районунун баш имам-хатиби Куттубек Дүйшебаев менен катышты.

Анда тиешелүү мамлекеттик органдар менен тыгыз кызматташуу зарылдыгы белгиленип, мечиттердин ишмердүүлүгүн мыйзам талаптарына ылайык жөнгө салуу боюнча тараптар пикир алмашты.

Мындан тышкары, аймакта өтүүчү ишембилик иш-чараларын уюштуруу, айлана-чөйрөнү тазалоо жана көрктөндүрүү иштерин күчөтүү маселелери да талкууланды. Ошондой эле алдыдагы социалдык жана уюштуруучулук иштер боюнча сунуштар каралды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар коомдогу ынтымакты бекемдөө, диний мекемелердин ишин мыйзам чегинде жүргүзүү жана жергиликтүү калк менен тыгыз кызматташуу маанилүү экени белгиленди. Мындан ары да биргелешкен иштерди координациялап жүргүзүү боюнча макулдашууга жетишилди.