«Орозо кармоочунун оозунан чыккан жагымсыз жыт, Аллах Тааланын астында жыпар жыттуу атырдан да жагымдуу болот. Кыямат күнү ага эсепсиз сооптор берилет» (хадис).
Регионы | 19.02.2026
  • |

Сузак: Айыл тургундары имамга унаа белек кылышты

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Таран-Базар айылынын жаштары 10 жылдан ашуун убакыттан бери кызматын өтөп келе жаткан имамга унаа белек кылышты. Бул саамалык жамааттын дин кызматкерине болгон сый-урматын жана ынтымагын айгинеледи.

Аталган айылдагы «Нуралы уулу Сейдакмат» атындагы мечитте 10 жылдан ашуун убакыттан бери үзүрлүү кызмат өтөп келе жаткан имам Айтали Сеитовго жергиликтүү жаштар тарабынан 2020-жылы чыгарылган «Kia Ray» үлгүсүндөгү унаа тапшырылды.

Иш-чаранын жүрүшүндө айыл жаштары имамдын эл арасындагы ынтымакты бекемдөөгө, жаштарды адеп-ахлакка жана ыйман жолуна үндөөгө кошкон салымын өзгөчө белгилешти. Алар белекке берилген унаа мындан ары да имамдын кызматын жеңилдетип, алыскы каттамдарда көмөкчү болорун айтышты.

Өз кезегинде Айтали Сеитов жамаатка жана демилгелүү жаштарга ыраазычылык билдирип, көрсөтүлгөн ишенимди актоо үчүн мындан ары да талыкпай кызмат кыларын белгиледи.