Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.

Пайгамбарыбыз ﷺ айтты: “Эң жакшыңар — өз үй-бүлөсүнө эң жакшы мамиле кылгандар”.
Регионы | 09.12.2025
  • |

Сузак районунда 120 үй-бүлөгө «Элден элге» кайрымдуулук баштыкчалары таратылды

Сузак райондук хатибияты тарабынан уюштурулган «Элден элге» кайрымдуулук иш-чарасынын алкагында район аймагындагы 120 жардамга муктаж үй-бүлөгө азык-түлүк баштыкчалары таркатылды. Иш-чара Сузактагы “Имам Азам” мечитинде өтүп, ага КМДБнын Азирети муфтийинин Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн орун басарынын м.а. Арпидин ажы Жороев, райондук баш имам-хатибинин м.а. Жунус ажы Исмаилов, айыл өкмөттөрдүн жооптуу имамдары жана мечит имамдары катышты.

Арпидин ажы Жороев кайрымдуулук демилгесине жана демөөрчүлөргө ыраазычылыгын билдирип, кайрымдуулуктун диндеги орду тууралуу төмөнкү хадистерди мисал келтирди:

«Пайгамбарыбыз ﷺ: “Садака – балээни кайтарат жана өмүрдү узартат” (Тирмизи).
“Ким бир момун кулду муктаждыктан куткарса, Аллах Таала да аны кыямат күнү муктаждыктан куткарат” (Муслим).

Ал мындай саамалык коомдо боордоштук сезимин күчөтө турганын белгилеп, иш-чараны колдогон бардык берешен жарандарга өкүлчүлүк атынан ыраазычылык билдирди.

Андан соң райондун баш имам-хатибинин м.а. Жунус ажы Исмаилов сөз алып, жардам алуучулардын тизмеси айыл өкмөттөрдүн жооптуу имамдары жана мечит имамдары менен биргеликте такталганын айтты. Ал ошондой эле:

«Бул кайрымдуулук толугу менен эл ичиндеги кайрымдуу инсандарыбыздын колдоосу менен уюштурулгандыктан, иш-чаранын аталышын “Элден элге” деп атадык. Алдыда да ушундай саамалыктар уланып, муктаж үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүү уланат», — деп баса белгиледи.

Иш-чара акырында катышуучулар батасын берип, азык-түлүк баштыкчалары муктаж үй-бүлөлөргө таратылды.