Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Регионы | 12.08.2025
  • |

Сузакта актуалдуу социалдык маселелер боюнча жыйын өттү

Сузак райондук администрациясынын жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Президентинин №54 жарлыгын ишке ашыруу боюнча маанилүү жыйын болуп өттү. Хатибияттын демилгеси менен уюштурулган иш-чарага имамдар, айыл өкмөт башчылары жана айыл башчылар катышканын аймактык казыяттын маалымат адиси Талгат Абдракманов билдирди.

Жыйында эрте никеге туруу, өз жанын кыюу (суицид), маркумдун ички органдарын алып салуу маселелери талкууланып, бул көрүнүштөргө карата шарияттагы өкүмдөр кеңири түшүндүрүлдү. Ошондой эле дин кызматкерлери менен мамлекеттик кызматкерлердин кызматташуусу зарыл экени баса белгиленип, алдын алуу иш-чараларын биргеликте жүргүзүү сунушталды.

Жыйындын негизги максаты — коомдогу терс көрүнүштөрдү алдын алуу, эл арасында туура маалымат берүү жана диний баалуулуктар аркылуу жаштарды туура жолго багыттоо болду.