«Ким Аллахтан корксо жана сабыр кылса, албетте Аллах жакшы иштерди жасагандардын эмгегин текке кетирбейт» (Юсуф, 90).
Регионы | 03.10.2025
  • |

Талас казыяты кварталдык жыйындарын өткөрдү

Талас облусунун мусулмандарынын казыяты тарабынан кезектеги кварталдык жыйындар өткөрүлдү. Чогулуштар Манас, Айтматов, Бакай-Ата жана Талас райондорунда болуп, аталган жыйындарга Талас облусунун мусулмандарынын казысы Сулумбек ажы Узеналиев баштаган казыят өкүлдөрү катышты.

Райондордун баш имам-хатибдери жана имамдардын катышуусунда өткөн жыйындарда облус аймагындагы бардык мечиттерде жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча кеңири маалыматтар угулуп, муфтияттан жана казыяттан келген буйруктарды аткаруу, мечиттердин кышка даярдыктары, камера көзмөлдөрүн орнотуу, жарыктандыруу жана өзгөчө ички-тышкы тазалыктарга көңүл бөлүү керектиги белгиленди.

Ошондой эле диний объектилердин документтерин базага толук киргизүү жана кайра каттоого алуу, эл менен тыгыз байланыш түзүү, дин менен адеп-ахлактык баалуулуктарды жайылтуу, жаштарды терс агымдардан сактоо, экстремизм, үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктун алдын алуу, жамааттардын биримдигин бекемдөө маселелери боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу талкууланды.