Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
2025-жылдын 1-жарым жылдыгына карата Талас облусунун мусулмандарынын казыятынын отчёттук жыйындары аягына чыкты. Жыйындарга Талас облусунун казысы Сулумбек ажы Узеналиев жана казыят аппараты, ошондой эле баш-имам хатибдер, имамдар катышты.
Жыйындын жүрүшүндө ар бир хатибият өкүлү өз аймагындагы жарым жылда аткарылган иш-аракеттер боюнча маалымат берип, ишмердүүлүктүн негизги багыттары боюнча отчётторун сунуштады. Өзгөчө Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы (КМДБ) тарабынан берилген буйруктарды өз убагында, жоопкерчилик менен аткарылышына көңүл бурулду. Бул багытта мечиттердин ички жана сырткы тазалыгын камсыз кылуу, жамааттарга багытталган шам баяндарды үзгүлтүксүз уюштуруу, эл арасында ысырапкорчулукту алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү сыяктуу иш-аракеттер белгиленди.
Мындан тышкары, жыйында диний, маданий жана социалдык багыттагы ар түрдүү иш-чараларга катышуу активдүүлүгү, коомчулук менен болгон байланышты бекемдөө жана диний окуу жайлар менен кызматташтык аркылуу имамдардын билим деңгээлин жогорулатуу максатында жасалган аракеттер тууралуу да кеңири сөз болду. Хатибияттар тарабынан жергиликтүү муктаж үй-бүлөлөргө жардам берүүнү уюштуруу жана мечиттерди оңдоп-түзөө иштери да жакшы мисал катары көрсөтүлдү.
Облус казысы Сулумбек ажы Узеналиев жыйын соңунда катышуучуларга ыраазычылыгын билдирип, алдыдагы айларда иш-аракеттерди жоопкерчиликтүү жана системалуу негизде жүргүзүүнү баса белгилеп, имамдар тараптан берилген сунуш-пикирлерине да өзгөчө көңүл буруларын кошумчалады.