«Чындыгында, Аллахтын алдында силердин эң ардактууңар – эң такыбаңар» (Хужурат сүрөсү, 13-аят)
Талас облусунун Талас районунун баш имам-хатиби Райымберди Омуралиев ыйык орозо айынын алдында райондогу мечиттерди кыдырып, алардын жалпы даярдыгы менен жеринде таанышып чыкты. Бул иш-чаранын негизги максаты — ыйык айды уюшкандыкта, тазалыкта жана коопсуз шартта өткөрүүнү камсыз кылуу болду.
Кыдыруу учурунда мечиттердин ички жана сырткы тазалыгына өзгөчө көңүл бурулуп, дааратканалардын, намаз окуучу жайлардын, короолордун абалы каралды. Жамаат көп топтолгон учурда тартипти сактоо, тазалыкты үзгүлтүксүз көзөмөлдөө боюнча имамдарга нускамалар берилди.
Өрт коопсуздугунун алдын алуу маселеси да өзгөчө каралып, электр энергиясын, жылытуу системаларынын коопсуздугу, авариялык чыгуу жолдорунун ачык болушу текшерилди. Коопсуздук талаптарын так сактоо – ар бир мечит кызматкеринин милдети экени белгиленди.
Мындан сырткары, мечиттердеги китеп бурчтары менен таанышуу жүргүзүлүп, диний адабияттардын мазмуну, тартипке келтирилиши жана жамаат үчүн жеткиликтүүлүгү каралды. Айрыкча жаштарга пайдалуу, туура багыт берген китептерди көбөйтүү зарылдыгы айтылды.
Бул аракеттер ыйык Рамазан айын татыктуу өткөрүүгө, элдин руханий деңгээлин жогорулатууга жана мечиттерде коопсуз, ыңгайлуу шарт түзүүгө багытталганын белгиледи.