Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Регионы | 24.10.2025
  • |

Талас: Мечиттердин кышка даярдыгы талкууланды

Талас району жана Талас шаарынын аймагынын имамдары учүн «Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын мазмунун жана талаптарын дин кызматкерлерине жеткирүү жана башка маселелер боюнча жыйын өткөрүлдү. Жыйында Талас районунун баш имам-хатиби Райымберди Омуралиев мыйзамдын 5-беренесине токтолуп, анда дин кызматкерлери шайлоо алдындагы үгүт иштерине, митинг же саясий жыйындарга катышпоосу керектиги так белгиленгенин эскертип, мыйзамды сактоого чакырды

Ошондой эле жыйындын жүрүшүндө алдыдагы кыш мезгилине карата мечиттердин даярдыгы, электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу, отун жана көмүр даярдоо маселелери да талкууланды. Ар бир мечиттин имамына электр энергиясын ашыкча колдонбоо, жылытуу системаларын коопсуз колдонуу жана мечиттердин тазалыгын үзгүлтүксүз сактоо боюнча тапшырмалар берилди.

Мындан тышкары, жамааттар арасында ынтымакты бекемдөө, жаштарга туура багыт берүү жана коомдогу тынчтыкты сактоодо дин кызматкерлеринин ролу өзгөчө мааниге ээ экендиги белгиленди. Жыйын соңунда катышуучулар мыйзамды сактоо жана жогоруда айтылган талаптарды иш жүзүндө аткаруу боюнча бир катар сунуш-пикирлерин ортого салышты.