"Жамаат менен окулган намаз жеке окулган намаздан 27 даража артык". (Бухари, №645; Муслим, №650)
Талас облусунда диний окуу жайлардын студенттери арасында уюштурулуп жаткан Куран жарышы жыйынтыкталды. Аталган иш-чарага облус аймагындагы ДОЖдордун студенттери активдүү катышып, Курандан 1, 5 жана 10 пара жатка айтуу боюнча өз күчтөрүн көрсөтүштү.
Жарышты Азирети Муфтийдин Талас облусундагы өкүлү Нийматилла ажы Топчиев ачып берип, катышуучуларга ийгилик каалап, Куранды үйрөнүү жана аны жашоодо колдонуу ар бир мусулман үчүн чоң сооп жана жоопкерчилик экенин белгиледи.
Жарыштын негизги максаты – жаштарды Куран жаттоого шыктандыруу, кызыктыруу жана алардын арасынан мыкты, зээндүү талапкерлерди аныктоо болду.
Уюштуруучулар белгилегендей, мындай саамалыктар руханий баалуулуктарды жайылтууда, ошондой эле жаш муунду туура тарбиялоодо өзгөчө мааниге ээ. Жарыш соңунда жеңүүчүлөргө башкы байге катары түстүү сыналгылар тапшырылып, калган байгелүү орундарды ээлеген катышуучулар акчалай сыйлыктар жана үй-тиричиликке керектүү баалуу буюмдар менен сыйланышты.
Мындан тышкары, жарышка катышкан бардык студенттер да көңүл сыртында калбай, ар кандай белектерге ээ болуп, алардын аракети жогору бааланды. Калыстар тобу иш-чаранын жогорку деңгээлде уюштурулганын белгилеп, демөөрчүлөргө терең ыраазычылык билдиришти. Ошондой эле алар мындай пайдалуу жана маанилүү иш-чараларды мындан ары да туруктуу негизде өткөрүп туруу зарылдыгын баса белгилешти.