Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Болот Мамбетов айыл өкмөтүнүн Туура-Суу айылындагы «Т. Майназар ажы» мечитинде оңдоп-куруу иштери жүрүп жатат.
Туура-Суу айылынын жараны Өмүрканов Ырысменденин балдары: Мирлан, Нурлан, Кубан, Максат кызы Нуржан көзү өтүп кеткен Кутуй баласы Ырысменденин арбагына сооп иш кылып, кыркылык өткөрбөй анын ордуна мечиттин сыртына тосмо коюп, пескоблоктон дубал тургузуп беришти.
Мечиттин оңдоо-куруу иштерин имам Иманакулов Абаз Жумагулович менен бирге маркумдун балдары көзөмөлдөп, уста жалдап, 200 миң сомдон ашуун сом чыгымдалды. Айыл имамы демөөрчү тараптарга ыраазычылыгын айтып, кылган иштери коомго үлгү болорун белгиледи.
Өз учурунда Ысык-Көл облусунун казысы Бакыт ажы Кайкиев: "КМДБ жетекчисинин ысырапкорчулукка жол бербөө боюнча тапшырмасынын негизинде иштер жүрүүдө. Кыркылык, жылдык, кара аш берүүлөр динибизде ыксыз чыгымдар ысырап болуп саналарын түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келүүдөбүз. Ушундай соопту иштерди жасоого элди үгүттөп, ысырапчылыктын ордуна, маркумга сообу тиерлик кайрымдуулук иштерин сунуштап келүүдөбүз", – деп билдирди.