Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Регионы | 10.03.2025
  • |

Тоң районунун баш имам-хатиби Тоң райондук ички иштер бөлүмүн зыярат кылды

Бүгүн, 10-март күнү Тоң районунун баш имам-хатиби Таалайбек ажы Акунов Тоң райондук ички иштер бөлүмүн зыярат кылып, бардык кызматкерлерге лекция өттү.

Сабактын жүрүшүндө зордук-зомбулук, ысырапкорчулук, экстремизм, терроризм жана башка олуттуу темалар талкууланып, маанилүү маалыматтар берилди.

Иш-чаранын соңунда милиция кызматкерлери имам-хатибге ыраазычылык билдиришип, мындай жолугушуулар коомдук тартипти жана тынчтыкты сактоодо олуттуу мааниге ээ экенин белгилешти.