Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.
«Эки умра – ортосундагы нерселерге каффарат, ал эми кабыл болгон ажылыктын Бейиштен башка сообу жок» (хадис)
Чүй облусунун Токмок шаарындагы Ислам Академиясында «72 сааттык дин кызматкерлеринин кесиптик деңгээлин жогорулатуу» деген аталыштагы окуу курсу өттү. Окуу курсу Чүй облусунан чакырылган 35 имам-хатиб үчүн уюштурулду.
Алып барылган учурдагы расмий иш-чарага төмөнкү жетекчилер жана өкүлдөр катышты:
Кыргыз Республикасынын Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин бөлүм башчысы А. Иминов.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Г. А. Кыштобаева.
Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын өкүлчүлүктөр, хатибияттар мечиттер, имамдар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Н. Мизираимов.
Азирети Муфтийдин Чүй облусундагы өкүлүнүн м.а. А. Чыныбеков.
Ислам Академиясынын ректору Э. Эргешов жана академиянын профессордук-окутуучулук курамы.
Бул иш-чаранын негизги максаты — имам-хатиб жана башка дин кызматкерлеринин кесиптик жөндөмдүүлүгүн, диний багыттагы билим деңгээлин жана коомдук таасирдүү ролун жогорулатуучу 72 сааттык тажрыйба курсуна катышуучуларды даярдоо болуп саналат. Курстун алкагында диний-теологиялык билимдер, коомдук диалог, заманбап диний адистиктерге тиешелүү темалар боюнча интенсивдүү окутуу жүргүзүлөт.
Ислам Академиясы — Кыргыз Республикасында диний билим берүүнүн сапатын көтөрүүгө багытталган билим берүү мекемеси, ага мамлекеттин лицензиясы берилген жана ал диний билим берүүнүн теориясы менен практикасында адистерди даярдоо боюнча комплекстүү программаларды сунуштайт.
Окуу курсу жергиликтүү коомчулуктун руханий жана коомдук-тажрыйбалык компетенциясын жогорулатууга чоң салым кошуп, ислам динин туура түшүнүү менен өлкөдө диний сабаттуулукту чыңдоого багытталган.