«Орозо кармоочунун оозунан чыккан жагымсыз жыт, Аллах Тааланын астында жыпар жыттуу атырдан да жагымдуу болот. Кыямат күнү ага эсепсиз сооптор берилет» (хадис).
Регионы | 19.02.2026
  • |

Токтогулда 15 жаран экстремисттик агымдан баш тартты

Токтогул районунда тыюу салынган экстремисттик агымдын 15ке жакын мүчөсү жамаат алдында өз катачылыктарын моюндап, салттуу диний багытты карманууга жана мыйзам талаптарын сактоого даяр экендиктерин билдиришти.

Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунда тыюу салынган «Инкар-Йакын» экстремисттик агымынан баш тартуу боюнча түшүндүрүү жана коомчулукка ачык билдирүү иш-чарасы өткөрүлдү.

Иш-чара район борборундагы «Дарус» борбордук мечитинде уюштурулуп, ага райондун баш имам-хатибинин милдетин аткаруучу Абубакир Саидов, жергиликтүү жамаат жана дин кызматкерлери катышты.

Анда аталган агымдын 15ке жакын мүчөсү жамаат алдында өздөрүнүн адашкандыгын билдирип, кеч болсо да кетирген катачылыктарын түшүнгөндүгүн белгилешти. Алар өз ыктыяры менен экстремисттик көз караштардан баш тарткандыгын жарыялап, мындан ары Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы тарабынан бекитилген тартиптерге баш иерин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келген аракеттерге барбай тургандыгын билдиришти.

Ошондой эле алар жамаат алдында кечирим сурап, салттуу диний баалуулуктарды кармануу менен коомдун биримдигин сактоого аракет кыларын белгилешти.

Иш-чаранын жүрүшүндө райондун баш имам-хатибинин м.а. Абубакир Саидов салттуу ислам баалуулуктарын сактоо, мамлекеттин мыйзамдарын урматтоо жана коомдук туруктуулукту бекемдөө боюнча түшүндүрмө берди. Ал өз сөзүндө Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы тарабынан экстремизмдин алдын алуу, жарандарды туура диний түшүнүккө багыттоо жана коомдук ынтымакты бекемдөө багытындагы иштер системалуу жүргүзүлүп жаткандыгын белгилеп, түшүндүрүү иштери мындан ары да улантыларын билдирди.