Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Ысык-Көл облусунун мусулмандарынын казыяты тарабынан мүмкүнчүлүгү чектелген жана муктаж адамдарга кайрымдуулук иш-чарасы уюштурулду.
Иш-чаранын демөөрчүлүгүн жергиликтүү жаран көтөрүп, бардык чыгымдарды камсыздады. Кайрымдуулук катары ун, суу май, чай, бир куту кесме, күрүч жана шекер таратылды. Жардам 100 дөн ашык мүмкүнчүлүгү чектелген жана муктаж инсандарга жеткирилди.
Жардам алуучулар ыраазычылыктарын билдиришип, мындай саамалыктар коомчулуктагы боорукерликти жана биримдикти чыңдаарын айтышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө кайрымдуулук – Жараткан ыйгарган мал-мүлктүн берекесин арттырары, муктажга каралашуу чоң жакшылык экени жана садака балээлерден сактоочу амал экени белгиленди.