Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Регионы | 11.08.2025
  • |

Ысык-Көл облусунун казысынын райондорго болгон зыярат сапары жыйынтыкталды

Ысык-Көл облусунун казысы Бакыт ажы Кайкиев райондорду кыдыруу алкагындагы соңку иш сапарын Түп районунда өткөрдү. Сапардын жүрүшүндө ал район имамдары менен жолугушуп, бир катар маанилүү маселелерди талкуулады.

Жыйында имамдарга жана мечиттерге тиешелүү документтерди толуктоо боюнча тапшырмалар берилди. Мечиттерди каттоо маселеси өзгөчө көңүл борборуна алынып, кеңири талкууланды. 

Казы Кайкиев мечиттердин тазалыгынын маанисин белгилеп, имамдардын илимин өркүндөтүү максатында облус боюнча атайын имамдык курстар башталарын жарыялады.

Эки сааттан ашуун созулган жыйындын жүрүшүндө бардык зарыл маселелер каралып, имамдардын суроолоруна канаттандырарлык жооптор берилди. Жыйындын соңунда имамдар бул жолугушууну пайдалуу болгонун, көп маалыматка ээ болушканын баса белгилешти.