Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Ысык-Көл районунун Кожояр айылындагы Таштан ажы атындагы мечитте бир катар оңдоо-түзөө жана жаңылоо иштери аткарылды. Атап айтканда, жаңы даараткана, навес, хужуркана курулуп, мечиттин короосуна брусчаткалар төшөлдү. Жалпы ремонт иштерине 4,5 миллион сом каражат жумшалып, бардык чыгымдарды элеттиктер көтөрдү.
Буга улай, көрүнүктүү уюштуруу жана эмгеги үчүн айылдын имамы Эрмек Абылкасымовго умра сапарына жолдомо тапшырылды. Иш-чарага катышкан Ысык-Көл районунун баш имам-хатиби Максат ажы Сейиталиев жамаатка ынтымак-биримдик боюнча баяндама жасап, жакшы иш-аракеттердин уланышын каалады.
Жыйындын соңунда, мечитке чоң салым кошкон демөөрчүлөргө ыраазычылык кат тапшырылды.
Ысык-Көл облусунун казысы Бакыт ажы Кайкиев бул саамалык тууралуу: “Ынтымак бар жерде – береке болот. Кожояр эли биримдиги менен жалпы коомго үлгү болуп, ар кандай жакшы иштерди чогуу жасоого болорун көрсөттү. Мечитке көңүл буруу, тазалыгын камсыздоо, намазкандар үчүн ыңгайлуу шарт түзүү – айыл тургундарынын ыйманга умтулуп жаткандыгынын айкын белгиси”, – деп белгиледи.