Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында диний кызматкерлер арасында райондор аралык спорттук мелдеш болуп өттү. Иш-чарага Ысык-Көл облусунун казысы Бакыт ажы Кайкиев катышып, мелдешти расмий түрдө ачып берип, катышуучуларга ийгилик каалады.
Мелдеш Кыргыз Республикасынын Президентинин «Инсандын руханий, адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» жарлыгын ишке ашыруу максатында уюштурулуп, дин кызматкерлеринин ортосундагы ынтымакты бекемдөө, достук байланыштарды чыңдоо жана спортко болгон кызыгууну арттырууну көздөдү.
Жыйынтыгында:
1-орун — Жети-Өгүз району;
2-орун — Тоң району;
3-орун — Ак-Суу району командасына ыйгарылды.
Жеңүүчүлөргө казыяттын атайын кубогу, медалдар, грамоталар жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Мелдеш достук маанайда өтүп, катышкан бардык имамдар жана кызматкерлер ыраазычылыгын билдиришти.