Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Регионы | 01.08.2025
  • |

Өзгөндө айыл өкмөттөрдү кыдыруу жана эл менен жолугушуулар жыйынтыкталды

Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун баш имам-хатиби Үсөн Маматтурсун уулу райондогу жалпы айыл өкмөттөрдү кыдырып, жергиликтүү эл менен жолугушууларды өткөрдү.

Аталган жолугушуулар Өзгөн райондук мамлекеттик администрация менен макулдашуу аркылуу атайын графиктин негизинде уюштурулуп, иш-чарага айыл өкмөт башчылары, айыл башчылар, медицина кызматкерлери, мугалимдер, аксакалдар, аялдар жана жаш активисттер катышты.

Жолугушууларда төмөнкү маселелер боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана талкуулар болуп өттү.

- КР Президентинин "Улуттук нарк", "Кыргыз жараны", Маркумду акыркы сапарга узатуу жана сөөгүн жайга коюу жөнүндөгү" Жарлыктарын;
- Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндөгү мыйзам;
- КМДБ тарабынан берилген буйрук-тапшырмалар, Аалымдар Кеңешинин фатва-токтомдорун коомчулукка жеткирүү.

Ошондой эле, тарбиялык маанидеги "Үй-бүлө баалуулуктарын сактоо", "Зордук-зомбулуктун алдын алуу", "Мекенди сүйүү" жана "Бала тарбиясы" деген темаларда баяндамалар жасалды.

Ошону менен бирге айыл өкмөттөрдөгү диний маселелер каралып, эл ичиндеги суроо-талаптар, сунуштар угулду.

Жолугушуунун жыйынтыгында ар бир айыл өкмөттө ысырапкорчулук менен күрөшүү боюнча айыл өкмөт кызматкери, дин кызматкери, аксакалдар кеңеши, аялдар кеңеши жана жаш активисттерден турган комиссия түзүлө турган болду.

Айта кетсек, аталган жолугушуулар үстүбүздөгү жылдын 16-майынан баштап 30-июлуна чейин өткөрүлдү.