Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Регионы | 13.11.2025
  • |

Жайылда аалымдардын катышуусунда мавлид аземи өткөрүлдү

Чүй облусунун Жайыл районунун борбордук мечитинде Мавлид ан-Наби аземи өткөрүлдү. Иш-чарага Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасынын орун басары Абдуманап кары Масалиев, Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын аппарат жетекчиси Азамат ажы Исмаилов, Диний агартуу башкармалыгынын башчысы Абибилла ажы Кадырбердиев жана Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Калилидин ажы Исаков катышты. 

Ошондой эле аталган иш-чарага Кара-Балта шаарындагы жана Жайыл районундагы дин кызматкерлери, мечит жамааттары жана жергиликтүү тургундар күбө болушту. 

Аземдин жүрүшүндө пайгамбарыбыз Мухаммеддин (с.а.в.) өмүр жолу, сүннөтүнө болгон сүйүү жана анын үммөтүнө калтырган осуяттары тууралуу баяндар айтылып, салаваттар окулду. Иш-чара жогорку маанайда өтүп, катышуучуларга руханий таасир калтырды.