Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Регионы | 21.05.2025
  • |

Жалал-Абаддагы “Солихин” жума мечити ири оңдоп-түзөөдөн өтүүдө

Жалал-Абад шаардык хатибиятынын демилгеси, мечит имамынын аракети жана жамааттын колдоосу менен “Солихин” жума мечити ири оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө. Учурда мечиттин айланасы толугу менен темир тосмо менен тосулуп, ички жана сырткы оңдоо иштери аяктоо алдында турат.

Шаардын баш имам-хатиби Мелисбек ажы Тургунбаев бул мечит 2013-жылы курулуп пайдаланууга берилгенин, ошол убактан бери биринчи жолу капиталдык оңдоп-түзөөгө алынганын белгиледи. Ал мечиттин жаңылануу процессине өз салымын кошкон жумушчу топко, мечиттин имамы Мырзакул Бапановго жана каржылык колдоо көрсөткөн жамаатка терең ыраазычылык билдирип, ак батасын берди.

Оңдоо иштеринин жыйынтыгында мечит жамааты үчүн дагы да ыңгайлуу, коопсуз жана заманбап шарттар түзүлөт. Бул аракеттер диний кызматтын сапатын жогорулатууга жана жамааттын биримдигин бекемдөөгө багытталган. Ошондой эле шаардык хатибият мурда башка даректе иш жүргүзүп келген болсо, эми анын кеңсеси да “Солихин” мечитинин короосунда ишмердүүлүгүн уланта турган болду. Бул чечим менен шаардагы диний башкаруу иштери бирдиктүү борбордон жүргүзүлүп, мечиттин ролу дагы да артмакчы.

Жакын арада оңдоо иштери толук аяктап, жаңыланган мечит жамаатка өз эшигин толук ача турган күн да алыс эместигин казыяттан билдиришти.