Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Чоң-Жаргылчак айылындагы “Аиша” мечитинде жалпы масштабдагы оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. Буга чейин мечиттин чатырынан суу кирип, килем-паластары эскирип, дааратканасы да жараксыз болуп калган.
Мечиттин имамы Кылычбек Базарбаев айыл тургундарына кайрылганда, жамаат биримдик көрсөтүп, 130 миң сомдон ашык каражат топтоду. Нурдин Исакунов аттуу тургун маркум энесинин атынан жаңы, сапаттуу килем төшөп берди. Калган килем-паластар жана башка иштер эл чогулткан каражаттын эсебинен жасалууда.
Мечитке кошумча канаа (үжүрөкана) салынып, зарыл шарттар түзүлүүдө.
Ысык-Көл облусунун казысы Бакыт ажы Кайкиев бул саамалыкты кубаттап, Чоң-Жаргылчак элине жана мечитке колдоо көрсөткөндөргө ыраазычылыгын билдирди.
“Мечит – жөн гана имарат эмес, ибадаттар кабыл боло турган ыйык жай. Канчалык мечитке көңүл бурсак, ошончолук береке келет. Ар бир имам мечиттеги намазкандар үчүн шарт түзүүгө көңүл буруп, оңдоо-түзөө иштерин эл менен биргеликте жүргүзүүсү зарыл”, – деди казы.