«Ким Аллахтан корксо жана сабыр кылса, албетте Аллах жакшы иштерди жасагандардын эмгегин текке кетирбейт» (Юсуф, 90).
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Богатыровка айылынын тургундары айыл имамы Чынтемир Жакибаевдин 18 жылдык тынымсыз эмгегин жогору баалап, ага умрага жолдомо белек кылышты.
Ошондой эле Жети-Өгүз райондук хатибияты имамдын диний агартууда, эл ынтымагын бекемдөөдө жана мечит иштерин өнүктүрүүдөгү салымынбаалап, Ыраазычылык барагын тапшырды.
Өз кезегинде имам Чынтемир Жакибаев айыл элине жана хатибиятка ыраазычылык билдирип, жасаган ар бир жакшылык кабыл болуп, эл-журтка тынчтык, береке тилеп бата-дубасын айтты.