Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Образование | 24.06.2025
  • |

«Абдираим кары» медресесин Куранды толук жаттаган 100 студент аяктады

Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Мырза-Аке айыл өкмөтүндөгү "Абдираим кары" медресесинин 2024-2025 окуу жылындагы 100 бүтүрүүчү студентке Куранды толук жаттагандыгын тастыктаган сертификаттар тапшырылды.

Ошону менен бирге, бүтүрүүчүлөр арасында сынак өткөрүлүп, анда жеңүүчү табылган студентке умра сапарына жолдомо берилип, калган 10 орунду ээлеген студенттерге "Примов" фонду тарабынан кызыктыруучу белектер тапшырылды.

Аталган иш-чарага Кыргызстан мусулмандарынын Азрети Муфтийинин 1-орун басары Самаган ажы Мырзаибраимов, КР Президентинин караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттигинин түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Фурхатбек Адилбек уулу, Ош облусунун мусулмандарынын казысы Абибилла ажы Кадырбердиев, Ош шаарынын казысы Самидин ажы Атабаев, жергиликтүү тургундар, демөөрчүлөр жана бүтүрүүчүлөр менен ата-энелери катышты.

Аталган окуу жайдын мүдүрү Абдурахман кары Атабаев бүтүрүүчүлөрдүн баары 30 пара Куранды толук жаттагандыгын айтып, окуу жай Куран жаттоого дагы да басым жасоо максатында 24 сааттык Куран окуу уюштурулгандыгын жана "Кыраат" мектебин ачууну пландалып жаткандыгын билдирди.