Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Бүгүн, 19-август күнү КМДБнын конференция залында диний билим берүү мекемелеринин жетекчилерине жана окутуучуларга багытталган жыйын өткөрүлдү. Жаңы 2025-2026-окуу жылына карата ДОЖдордогу даярдык жана жаңы кабыл алынган программалар талкууланган жыйынга Азирети Муфтийдин 1-орун басары Самаган ажы Мырзаибраимов, үгүт-насаат бөлүмүнүн башчысы Султанали ажы Гапуров, Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү, 50 гө чукул ДОЖ жетекчилери жана окутуучулары катышты.
Диний билим берүүнү «Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө» мыйзамы жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттик тарабынан бекитилген тартипте иш алып баруу негиз алынган кеңешмеде окутулуучу предметтердин адабияттарын тактоо маселелери каралып, чечимдер кабыл алынды. Ошондой эле фикх, усул аль-фикх жана акыйда предметтери боюнча орто жана жогорку окуу жайларда окутулчу китептер чечилип, окутулчу сабактар, алардын саны, эски жана жаңы программадагы айырмачылыктар, саат жүктөмдөрү түшүндүрүлдү.
Мындан сырткары ДОЖдорго кабыл алуу жараяндары жана ар алты ай сайын өтүүчү экзамен системасы тууралуу маалымат берилди.