Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Бишкек шаарындагы «Расул Акрам» ислам институтунда Куран жана азан айтуу боюнча жарыш болуп өттү. Студенттер аралык бул мелдештер Ыйык Курандын «Жакшылык иштерде жарышкыла» аятынын негизинде уюштурулду.
Жарыш эки этапта өтүп, биринчи этапта тандап алуу болсо, финалдык этапта жеӊүүчүлөр аныкталды.
Куран боюнча 1, 2 жана 5 паралардан жарыш болсо, азан айтуу боюнча мукам үн ээлери жана туура айткан тажвид эрежелүү мыкты азанчылар тандалып алынды.
Өздөрүн көрсөткөн студенттерге окуу жайдын атынан Ардак грамоталар жана жергиликтүү демөөрчүлөрдүн атынан акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Куран жарыштын максаты студенттердин Куранга болгон сүйүүсүн күчөтүү жана илим алууга кызыктыруу болуп саналат.