Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.

«Эки умра – ортосундагы нерселерге каффарат, ал эми кабыл болгон ажылыктын Бейиштен башка сообу жок» (хадис)
Обращение | 25.12.2025
  • |

Азирети Муфтий: “Кызыл кулактык – шариятка каршы иш”

Мээримдүү жана ырайымдуу Алланын ысымы менен...

Ааламдардын роббиси болгон Аллах Таалага чексиз мактоолор болсун жана Анын элчиси Мухаммад (с.а.в), анын үй-бүлөсү жана бардык сахабаларына Аллахтын салам жана салаваты болсун.

Бүгүн – рагаиб, эртең – жума. Жалпы мусулман бир туугандарымды удаалаш келген куттуу күндөр менен куттуктап кетмекчимин. Үстүбүздө маарек болгон үч ай (Ражаб, Шаабан жана Рамазан) башталып, берекелүү жана касиеттүү Рамазан айы жакындап келе жатат. Алла Таалам жалпыбызды ыйык орозо күндөрүнө жеткирген болсун. 

Урматтуу мусулман бир тууганым! Эртең аптанын султаны болгон ыйык жума жаңырып кирип жатат. Жаратканым түндөн түгөл чыгып, эртең жамаат менен жума окушту насип кылсын. Жумага жуунуп-тазаланып, эртерээк чыгып,  унаабызды атайын орундарга ыңгайлуу жана тартиптүү токтотуп, руханий азык алып кайталы.

Эртең, өлкө боюнча жума мечиттерибизде “Соода-сатыкта бааны кескин көтөрүүнүн кесепети” боюнча баяндар жасалат. Ырасында айрым жарандар кышкы оор кезеңде кырдаалдан пайдаланып, соодада болуп көрбөгөндөй кымбаттатууга жол берүүдө. Шариятыбызда соода – адал. Ислам дини сатып алуу жана сатуу эрежелерин, өкүмдөрүн түшүндүрүп, адал пайданы уруксат кылганы маалым. Жер бетинде эмгек кылып, адал ырыскы табууну жакшы ниет менен жасалса сооптуу иш деп эсептеген. Ошондой эле зомбулуктан, адилетсиздиктен, ырайымсыздыктан, ач көздүктөн, өзүмчүлдүктөн жана адамдардын муктаждыгын пайдалануудан катуу эскерткен.

Чылк пайданы гана көздөө менен болуп көрбөгөндөй кымбаттатуу, элдин жонунан кайыш тилүү, соодада монополияга жана спекуляцияга жол берүү, кызыл кулактык кылуу Жаратканга жакпаган иш! Маькал ибн Ясар (р.а.) мындай деген: «Мен Аллахтын Элчисинин (с.а.в) мындай деп айтканын уктум: «Кимде-ким мусулмандардын бааларына кийлигишип, аларга кымбаттатса, Аллах аны тозокко таштоону өзүнө милдет кылат» (Байхаки).

Ислам шарияты бааларды соодагерлердин ач көздүгү себеп болбогон учурда белгилөөгө умтулган эмес. Анткени баанын кымбатташы суроо-талап менен сунуштун өзгөрүшүнөн, товар аз болуп тартыш болгондуктан болушу мүмкүн. Ошондуктан Пайгамбарыбыз (с.а.в) заманында баалар көтөрүлгөндө, сахабалар: «Оо, Аллахтын Элчиси, бизге баа коюп бериңиз», – дешкен. Ошондо ал (с.а.в) мындай деген: «Чынында бааны койгон – Аллах. Ал кыскартат да, кеңейтет да, ырыскы берет. Мен Аллахка жолукканымда силердин эч кимиңер менден кан же мал боюнча зулумдук доо кылбасын деп үмүт кылам» (Абу Дауд).

Ал эми эгер соодагерлердин ач көздүгүнөн элге зыян келсе, аалымдар баа коюуга болот дешкен. Пайгамбарыбыз (с.а.в) соодагерлерди өздөрүнүн ач көздүгүнөн улам бааны кымбаттатпоого катуу эскерткен. 

Ислам шарияты адам баласынын дин, жан, акыл, урпак жана мал-мүлкүн коргоону негизги максат кылат. Экономикалык мамилелерде да адилеттүүлүк, тең салмактуулук жана зулумду жоготуу негизги принцип болуп эсептелет. Баалардын кескин өсүп кетүүсү (الغَلاء الفاحش) – бул элдин турмушуна түздөн-түз таасир эткен көрүнүш. Айрыкча, азык-түлүк жана күнүмдүк керектелүүчү товарлардын кымбатташы коомдо кыйынчылыкка, социалдык чыңалууга жана адилетсиздикке алып келет.

Ханафий мазхабы экономикалык маселелерде эркин рынок принцибин таанып, ошол эле учурда зулум, алдоо, монополия жана жасалма кымбаттатууга катуу тыюу салат. Ислам экономикасы – бул пайда табууну гана көздөгөн система эмес, тескерисинче, адеп-ахлакка жана коомдук жоопкерчиликке негизделген тартип.

Аллах Таала Куранда айтат:
﴿وَلَا تَبْخَسُوا النَّاسَ أَشْيَاءَهُمْ وَلَا تَعْثَوْا فِي الْأَرْضِ مُفْسِدِينَ﴾
Котормосу:
«Адамдардын нерселерин кемитпегиле жана жер жүзүндө бузукулук кылып жүрбөгүлө» (Шуара сүрөсү, 183-аят).

Бааларды адилетсиз көтөрүү – бул адамдардын акысын кемитүү болуп саналат. Ханафий аалымдары бул аятты соодадагы ар кандай алдоо, ашыкча кымбаттатуу жана элди кыйноого салган экономикалык саясатка далил катары колдонушкан. Баалардын өсүшү табигый себептер жана жасалма себептер менен болуусу мүмкүн.

Пайгамбарыбыз (с.а.в) айтат: «لَا يَحْتَكِرُ إِلَّا خَاطِئٌ» Котормосу:
«Монополия кылган адам — күнөөкөр». (Муслим).  

Имам Абу Ханифа жана анын шакирттери ихтикарды элге зыян келтирген учурда арам деп эсептешкен. Айрыкча, азык-түлүк товарларын жашырып коюу менен бааны кескин көтөрүү – чоң күнөө. Бирок Ханафий аалымдары мындай тыянак чыгарышкан: эгерде соодагерлер адилетсиздик кылып, элге зыянын тийгизсе, анда мамлекет баага кийлигишүүгө укуктуу, ал тургай милдеттүү. 

Баалардын кескин өсүшүнүн коомго тийгизген зыяндары
1.    Жакыр катмардын абалы оорлойт
2.    Социалдык теңсиздик күчөйт
3.    Коомдо нааразычылык жана ишенимсиздик пайда болот
4.    Байлар байыйт, кедейлер ого бетер жакырлайт ж.б.
Аллах Таала Куранда айтат:
﴿كَيْ لَا يَكُونَ دُولَةً بَيْنَ الْأَغْنِيَاءِ مِنْكُمْ﴾
Котормосу:
«(Байлык) силердин араңарда байлардын гана ортосунда айланып калбашы үчүн». (Хашр сүрөсү, 7-аят)
Бул аят байлыктын аз гана топтун колунда топтолушуна каршы экенин көрсөтөт.
Ханафий мазхабынын негизги принциптери (жыйынтык түрүндө) карап көрсөк
•    Эркин соода — негизги принцип
•    Зулум, алдоо жана ихтикяр — харам
•    Баанын кескин өсүшү элге зыян келтирсе — шариятка каршы
•    Мамлекет адилеттүүлүктү сактоо үчүн кийлигише алат
•    Соодагердин пайдасы адеп-ахлак чегинде болушу шарт

Ислам, айрыкча Ханафий мазхабы, экономикалык мамилелерде адилеттүүлүктү, ырайымды жана коомдук тең салмактуулукту негизги орунга коёт. Баалардын кескин өсүшү, эгерде ал табигый себептерден эмес, адамдардын ач көздүгүнөн келип чыкса, анда бул — шариятта жакшы көрүнүш эмес, тескерисинче, зулум жана күнөө болуп эсептелет. Мусулман коомунда соодагер да, мамлекет да, керектөөчү да Аллахтан коркуп, коомдук жоопкерчиликти сезиши керек. Ошондо гана базар берекелүү, коом туруктуу болот. Биз өзүбүздү өзүбүз эсепке алып, Раббибизге тообо жана истигфар менен, Ага кайтуу жана түз жолдо болуу менен, моюн сунуп жалбаруу жана дуба кылуу менен кайтышыбыз керек. Анын парздарын аткарып, арам кылган нерселеринен алыс болуп, Анын чектерин сакташыбыз зарыл. Андан динибизде да, дүйнө иштерибизде да жардам беришин, бул кымбатчылыкты бизден кетиришин жана берген ырыскыбызга береке беришин сурайлы.

Ар дайым, айрыкча баалар кымбаттаган учурда, жашоодо үнөмдүү болууга жана чыгымда орточолукту сактоого кеңеш берилет. Аллах Таала мындай деген: «Жегиле, ичкиле, бирок ысырап кылбагыла. Чынында Ал ысырапкорлорду жакшы көрбөйт» (Аъраф сүрөсү, 31-аят).

Жараткан Аллах баарыбызга өзүнө татыктуу пендеси болуп жашоого мүмкүнчүлүк берсин. Оомийн. 

Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров