Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Общество | 12.08.2025
  • |

2025-жылдагы ажылыкты жыйынтыктоо жыйыны өткөрүлдү

Үстүбүздөгү жылдагы ажылыкты жыйынтыктоо боюнча соңку жыйын өткөрүлдү. Жыйында быйылкы ажылыкты уюштурууда жана өткөрүүдө жетишкендиктерге жана кемчилдиктерге сереп салынып, жалпысынан ажылык уюштуруу жакшы деп бааланды.

«Быйылкы жылы ажылардын визалары толугу менен ачылып, ажылык сапарга ийгиликтүү барып келишти. Ыйык зыяратты уюштуруу жаатында айрым критерийлер боюнча дүйнөдө алдыга чыккан учурларыбыз болду. Ошону менен бирге кыйынчылыктар да кездешип жатты. «Ажылык – машакат» эмеспи. Ыйык ибадатка салым кошкон бардык тараптарга терең ыраазычылык билдирем», – деди 2025-жылдагы ажылыкты уюштуруу штабынын төрагасы, Азирети Муфтийдин орун басары Жолдошбек ажы Абдылдаев.

Жыйында ажылардын зыяраттарынын толук, жеңил жана пайдалуу болуусу үчүн кийники жылдагы ажылыкты уюштурууга сунуш-пикирлер айтылып, жыйынтыгында убактылуу республикалык штаб жана көчмө штабда жакшы кызмат көрсөткөн кызматкерлер белгиленди.  

Айта кетсек, быйылкы жылы Кыргызстанга 6060 квота берилген.