Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Общество | 15.10.2025
  • |

2026-жылдагы ажылык сапарына байланыштуу расмий билдирүү

2025-жылдын 23-сентябрында Кыргызстан боюнча 2026-жылдагы ажылык сапарына катталуу үчүн “Элдик Банк” аркылуу баштапкы 2000 АКШ долларын төлөө башталуусу боюнча күн мурунтан расмий жарыяланган. Төлөм жүргүзүлгөн жарандардын маалыматтары КМДБнын “Ажылык–2026” электрондук базасына жүктөлгөн.

Бир канча жылдан бери жарандардын  төлөмдөрү “Элдик Банктын” бекитилген иш убактысына ылайык кабыл алынып, төлөнгөн убактысынын негизинде Ажылык базага жандуу кезекке тургузулуп келе жатат. Бирок быйыл айрым жарандардын төлөмдөрү банктын иш убактысы баштала электе — тактап айтканда, саат 07:13төн баштап жүргүзүлгөнү Ажылык базага киргизилген маалыматтардан аныкталды. Бул жагдай жарандар арасында күмөн саноолорду жана нааразычылыктарды жараткан. Натыйжада, жарандардын ичинен тиешелүү органдарга кайрылуулар болгон.

Ведомстволор аралык убактылуу республикалык штаб (УРШ) бул маселеге аныктык киргизүү максатында “Элдик Банктын” жетекчилиги менен бир нече жолу жолугушууларды өткөргөн. Жыйынтыгында банктын айрым филиалдары 23-сентябрында бекитилген иш убактысынан мурда иштей баштаганы тастыкталды. Ошол эле учурда, банк расмий кат аркылуу өз иш убактысы саат 08:30да башталарын билдирген. Демек, бул жагдайлар “Элдик Банктын” айрым филиалдарынын иш тартибин бузганынан келип чыккан. Учурда бул жагдай боюнча “Элдик Банкында” ички иликтөө иштери жүрүп жататкандыгы маалымдалды. 

Эл арасында күмөндүү ойлорду болтурбоо жана процесстин ачык-айкындыгын камсыз кылуу максатында, Ведомстволор аралык штаб (УРШ) 08:30га чейин жүргүзүлгөн төлөмдөрдү жараксыз деп таап, ажылыкка катталуудагы адилеттүүлүктү жана квотага ылайыктыкты сактоо максатында кабыл алынган чара катары төлөмдөрү жараксыз деп табылган жарандарды тизмеден чыгаруу чечимин кабыл алды. КМДБ төлөм кабыл алуу процессин өзү жүргүзбөйт, ал эми банктын эрте иштеши — “Элдик Банктын” ички тартип бузуусунун натыйжасы экендигин баса белгилейбиз. 

Ал эми 23-сентябрында 08:30дан баштап төлөм төлөп квотага кирген жарандардын тизмеси бекитилип, чектелген орундардан ашыкча катталып калган, ажылыкка барууга кезеги жетпей калган жарандарга төлөгөн алгачкы 2000 АКШ долларын кайтарып алып кайтарымсыз 1200 сомдун негизинде жана кийинки жылга кезекке калтыруу мүмкүнчүлүгү берилди.