Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Общество | 20.07.2025
  • |

«Абдулла ибн Аббас» ислам институтунда спорттук аянтча ачылды

Бүгүн, 20-июль күнү Баткен облусунун Лейлек районунун Раззаков шаарындагы «Абдулла ибн Аббас» ислам институнда спорттук аянтча салтанаттуу түрдө ачылып, пайдаланууга берилди. Саамалыкка Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров катышып, ак батасын берди. 

«Улуу динибизде ден соолукка кам көрүүгө чакырык бар. Физикалык жактан алсыз момунга караганда күчтүү момун Жаратканга сүйкүмдүүрөөк экени жалпыбызга маалым. Мына ушундай сонун аянтчаны Алла ыраазычылыгын көздөп, илим талапчылары үчүн куруп берген жергиликтүү демөөрчү бир тууганыбызга терең ыраазычылык билдиребиз. Алла Таалам ал инсандын тапкан-тутканына береке берип, урпагынан аалым жана карыларды чыгарсын», – деди КМДБ жетекчиси өз сөзүндө.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин аймактагы өкүлү Чагылган Юсупов,  КМДБ кызматкери Равшан ажы Эратов, Нуридин ажы Мамасабиров баштаган облустук казыяттын эмгек жамааты, район-шаар имамдары жана ДОЖдун эмгек жамааты катышты.

Айта кетсек, бүгүн, 20-июлда Азирети Муфтийдин Баткен облусуна багытталган иш сапары башталып, диний кызматкерлер менен жолугушууда.