«Эркек болобу, аял болобу – ким ыйман келтирип, жакшы амал кылса, Биз ага жакшы жашоо беребиз» (Нахл сүрөсү, 97-аят)
Бүгүн, 26-мартта Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын адал бөлүмүнө караштуу шарият кеңеши алгачкы отурумун өткөрдү. Жыйындын жүрүшүндө тамак-аш жана өндүрүш тармагында мусулман керектөөчүлөрүнүн муктаждыктарын камсыздоо, ошондой эле адал тармагына болгон көңүл бурууну күчөтүү маселелери талкууланды.
Жыйында сөз сүйлөгөн Марс ажы Ибраев өлкөдөгү адал тармагына өзгөчө маани берүү зарылдыгын баса белгиледи: «Өлкөбүздө адал тармагына олуттуу көңүл бурушубуз керек. Анткени адам күнүмдүк керектеген азык-түлүктөн тартып, жалпы тамак-аш маселеси өтө маанилүү орунду ээлейт. Бул багытта натыйжалуу иш алып барууга даярбыз», – деди ал.
Ал эми КМДБнын адал бөлүмүнүн башчысы Максат Атабаев азыркы учурда адал түшүнүгү жеке тандоонун чегинен чыгып, коомдук ишенимдин маанилүү көрсөткүчүнө айланганын белгиледи: «Адал продукция – бул керектөөчүнүн ишенимин сактоонун, өндүрүүчүнүн жоопкерчилигин жогорулатуунун жана өлкөнүн экономикалык өнүгүшүнө салым кошуунун маанилүү фактору. Бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндө адал индустриясы тездик менен өнүгүп, миллиондогон адамдар үчүн ишенимдин жана сапаттын белгисине айланды. Биз да бул багытта мүмкүн болушунча натыйжалуу иштерди алып барууга аракет кылып жатабыз», – деди ал.
Жыйын соңунда адал тармагын өнүктүрүү, анын ичинде өндүрүш процесстерин шарият талаптарына ылайык жөнгө салуу жана коомчулукка туура маалымат жеткирүү багытында бир катар маанилүү милдеттер белгиленди.