Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Общество | 26.07.2025
  • |

Ак-Талаа: Азирети Муфтий бейтапканадагы имамдан кабар алды

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров Ак-Талаа районуна жасаган иш сапарынын жүрүшүндө Ак-Талаа райондук бейтапканасында дарыланып жаткан Жумадил Мыктыбеков аттуу имамды зыярат кылды.

«Имамдар менен жолугушуп, амандашып, кабар алууга атайын келдик эле. Сизди ооруканада деп айтышканынан, кабар алып кетели деп келип калдык. Кудай таалам тез арада шыпаа берип, куландан соо айыгып кетиңиз», – деди Азирети Муфтий.

Бейтап атайын убакыт бөлүп келген Абдулазиз кары Закировго терең ыраазычылык билдирип, диний башкармалыктын жана муфтийдин иштерине ийгилик каалады.

Имам тууралуу: Мыктыбеков Жумадил Көбөшович 1953-жылы 16-майда Ак-Талаа районунун Байгончок айылында туулган. Ал жалпы 32 жылдан бери имамдыкты аркалап келүүдө. Мурда «Азирети Али» мечитинде кызмат кылган ал учурда Байгончок мечитинде имам-хатиб.

Айта кетсек, Азирети Муфтий имамдар менен бет маңдай жолугушуп, пикир алышуу максатында жер-жерлерди кыдырууда. Аны менен параллель, элге эмгеги сиңген улуу муундагы аалым-молдолорду зыярат кылып жатат.