Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Общество | 05.12.2025
  • |

Астраханда диндер аралык мамилелер боюнча эл аралык конференция өттү

Орусиянын Астрахан шаарында «Ислам үммөтүнүн Улуу Жеңишке жана Ата Мекенди коргоого кошкон салымы: тарыхтын сабактары жана заманбап чакырыктар» аттуу улуттар жана диндер ортосундагы диалогго багытталган II эл аралык илимий-теологиялык конференция өткөрүлдү. Ага Россия, Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан мусулмандарынын диний башкармалыктарынын өкүлдөрү катышып, баяндамалар жасалды. 

Аталган иш-чарага Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын атынан Кызырбек ажы Жээнбеков катышып, 1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуш учурунда Борбордук Азиянын мусулмандары СССРдин бардык элдери сыяктуу эле өз Мекенин, өз динин жана намысын коргоо үчүн бир муштумдай туруп беришкенин, Кыргызстандан фронтко 360 миңден ашуун жоокер аттанганын белгилеп өттү.

Исламдын өзөгү «салам» сөзүндө камтылган, ал «тынчтык» дегенди билдирет. «Эгер алар тынчтыкка умтулушса, сен да ага умтул» (Куран, 8:61) деген аят бар. Ислам зомбулукка эмес, адилеттүүлүккө, сабырдуулукка жана тынчтыкка чакырат. Тилекке каршы, бүгүнкү дүйнөдө айрым күчтөр бул улуу диндин чыныгы маңызын бурмалап, анын атын жамынып радикализмди жайылтууга аракет кылууда. Мындай шартта биз — руханий лидерлер, муфтияттар жана ислам аалымдары — бирдиктүү позицияны карманып, салттуу исламдын гуманисттик жана тынчтыкты бекемдөөчү баалуулуктарын коомго кеңири жеткиришибиз керек», – деди өз докладында Кызырбек ажы.

Айта кетсек, Астрахан жергеси ар кандай элдердин жана диндердин өкүлдөрү кылымдар бою тынчтыкта жана ынтымакта жашап келишкени менен белгилүү.