Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
ЖАРЫЯ!
Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы жаңы алынган кызматтык автоунааларды сатыкка чыгаруу иштерин жүргүзүүдө, алардын рыноктук жана адилеттүү баасын аныктоо үчүн профессионал баалоочу компанияларды (оценщиктер) тартат.
Талаптар:
1. Лицензиясы бар профессионал баалоочу (оценщик) же баалоочу компания болушу керек.
2. Компания же жеке оценщик расмий каттоодон өткөн болушу шарт.
3. Автоунааларды баалоо боюнча тажрыйбасы болушу керек.
4. Баалоо ишинин жыйынтыгында толук отчет, сүрөттөрү жана эсептөөлөрү менен берилет.
Тапшырыла турган документтер:
Компаниянын же жеке ишкердин лицензиясынын көчүрмөсү
Мамлекеттик каттоонун көчүрмөсү
Паспорт/Ишеним кат (эгер өкүл тапшырса)
Документ кабыл алуу мөөнөтү: 17 – 21 ноябрь, саат 17:00гө чейин.
Кошумча маалымат жана байланыш үчүн:
Телефон: 0(312)68-01-67
Уюлдук байланыш: +996 772 171 072
Email:kg_muftiyat@mail.ru
Дарек: 720000 Кыргыз Республикасы
Бишкек шаары, Жибек-Жолу проспекти 264/3