Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Общество | 08.10.2025
  • |

Ажы башчылыкка талапкерлерди каттоо башталды

Ажы башчылыкка талапкерлерди каттоого алуу Кыргызстан боюнча 8-октябрынан 23-октябрь, саат17:00 гө чейин облустардагы Казыяттарга (Өкүлчүлүктөргө) тиешелүү операторлор тарабынан жүргүзүлөт. 

Ажы башчылыкка талапкерлер үчүн

1. Биринчи тесттик сынактар 2025-жылы 2-ноябрда;
2. Тесттик сынактан ийгиликтүү өткөндөргө баарлашуу сынактары 2025-жылы 3-ноябрда өтөт.

Ажы башчылыкка талапкерлер төмөнкү документтерди тапшырууга тийиш:

1. Талапкердин өз колу менен Азирети Муфтийге жазылган арызы. (Ажы башчылыкка талапкерлердин тизмесине кабыл алуусун сурануу).
2. Электрондук (eID) же ID-карт паспорттун көчүрмөсү жана тышкы жарандык паспортунун көчүрмөсү  (Электрондук (eID) же ID-карт жана тышкы паспорттордун көчүрмөсү бир баракта болуусу шарт);
3. Талапкердин резюмеси. 
4. КМДБнын түзүмүндөгү дин кызматкери катары азыркы учурда иштеп жаткандыгы туралуу маалымкат же буйрук; (Буйрук 2024-жылдын 8-октябрына чейин чыгарылган болуусу шарт. Эгерде жумуш ордун которгон болсо, эски буйругу менен жаңы буйругу кошо тиркелет. 2024-жылдын 8-октябрынан кийин берилген буйруктар талапка жооп бербегендиктен, каттала албайт).
5. 3х4 көлөмүндөгү 4 даана сүрөт; Сүрөт түстүү, ак фондо, матовый кагазда болуусу шарт (Ак көйнөк жана ак баш кийим менен түшкөнгө болбойт).
6. Ажы башчылыкка талапкерлерден КРнын Ички Иштер Министрлигинин Маалымат Борборунан соттолбогондугу тууралуу (аныктама) маалымкат талап кылынат.
7. Ажы башчылыкка талапкер, ажылык парзын өтөгөн же умрага барган болуусу шарт; (Ажылык визасынын көчүрмөсү, эгерде паспортун жаңылаган болсо Казыяттан (Өкүлчүлүктөн) ажылык парзын өтөгөн же умрага баргандыгы тууралуу аныктама талап кылынат). 
8. Ажы башчылыкка талапкерлерден Республикалык жана облустук Психоневрологиялык жана Кожвендиспансерден учетто турбагандыгы тууралуу маалымкат талап кылынат.
9. Ар бир талапкерден өзүнө тиешелүү болгон жергиликтүү Казыяттардан (Өкүлчүлүктөрдөн) ажы башчылыкка сунуштоо аныктама талап кылынат.
10. Сынактан ийгиликтүү өткөн Ажы башчылардан 086/ медсправка талап кылынат.
11. Ажы башчылыкка катталуу үчүн кайтарымсыз төлөмдүн Элдик Банкына (РСК) (ажылык-2026 счетуна) төлөнгөн 300 сом квитанциясынын түп нускасы. 
12. Ажы башчылыкка талапкерлерди каттоо тартиби электрондук (eID) же ID-карт паспорттун негизинде жүргүзүлөт.  
13. 2025-жылы ажы башчылыкка тандалган талапкерлер 2026-жылдагы ажы башчылык тандоого катыша албайт;
14. Ажы башчылыкка талапкерлердин жашы 55 (элүү беш) жаштан ашпоого тийиш. (1969-жылы 8-октябрга чейин төрөлгөн талапкерлердин иш кагаздары кабыл алынбайт. Ал эми 1969-жылы 9-октябрдан кийин төрөлгөн талапкерлердин иш кагаздары кабыл алынат.)
15. Маалымат технологияларын өздөштүрө билүүсү шарт (өзгөчө: Word, Excel, программаларын, WhatsApp коомдук тармактарын жана иш-кагаздарды компьютер менен сканерлеп JPG, PDF форматында компьютерге, флешкага жүктөөнү билүү ж.б.).
16. Ажы башчылыкка талапкер кызмат өтөгөн аймакта жумуш ордуна бекиткен буйругунун негизинде тийиштүү Казыяттын (Өкүлчүлүктүн) эсебинде каттоого алынат. 
17. Ажы башчылыкка талапкерлердин иш кагаздарын Казыяттардын (Өкүлчүлүктөрдүн) алдындагы жооптуу операторлор кабыл алат.
18. Ажылыкта зыярат кылуучу жайлардын диндеги ордун (хаж маселесин ж.б.) жакшы билип, сынак тапшыруусу;
19. Араб тилин билүүсү;
20. Уюштуруучулук жөндөмдүүлүгү;
21. Сауд Араб Падышалыгы тарабынан же САПтын ажылык базасынан  (“Нусук Масар” электрондук платформасынан) виза алуу учурунда, мурда ажыга барган ажы башчылыкка талапкерлерге ж.б кошумча төлөмдөр пайда болсо, ажы башчылыкка талапкер өзү төлөйт. (Бул маалыматты операторлор, мурда ажыга барган ар бир ажы башчыга тааныштырып, каттоого алат).

•    Эскертүү: Жогорудагы талаптар өзгөртүлсө кошумча билдирилет.