Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
2026-жылдагы ажылык иштерине даярдык башталгандыгына байланыштуу Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы (Муфтият) Ажыга баруучулардын кемселин (жилет) тигүүчүлөр ортосунда конкурс жарыялайт.
2026-жылдагы Ажылар кийүүчү кемсел (жилет) тигүүчүлөргө коюлган талаптар
1. Ажылыкты уюштуруу боюнча убактылуу республикалык штабдын төрагасынын атына арыз.
2. Конкурстун катышуучуларынын документтеринин көчүрмөсү.
3. Лицензиянын (патенттин) көчүрмөсү.
4. Чыгашасыз ишмердигинин далили катары акыркы үч жылдагы өкүлдүк орган тарабынан күбөлөндүрүлгөн бухгалтердик баланстын оригиналынын бардык тиркемелери менен сканирленген көчүрмөсүн берүү.
5. Конкурска катышуучунун экономикалык кылмыштар боюнча соттолбогондугу (Кыргыз Республикасынын ИИМнин жазуу түрүндөгү маалыматы менен тастыкталат).
6. Конкурска катышуучу менен кардардын ортосунда кызыкчылыктар кагылышынын жоктугу. Мындайча айтканда, кардардын жетекчисинин, конкурсту өткөрүү боюнча комиссиянын мүчөлөрү же башкалар менен тууганчылык мамиледе болбоосу (уюмдун бланкына жетекчинин колу коюлган кат аркылуу тастыкталат).
7. Тигүү ишканаларынын рыногунда конкурстун катышуучусунун акыркы 3 жылдагы иши жөнүндө тастыктоочу финансылык документтер.
8. Салык кызматынан карызы жоктугу жөнүндө тиешелүү аныктама.
9. Реквизиттер.
10. Зыяратчылар (эркектер жана аялдар) үчүн кемсел (жилет) кийимдеринин үлгүсү.
11. Штаб мүчөлөрү (эркектер жана аялдар) үчүн кемсел (жилет) кийимдеринин үлгүсү.
12. Ажылардын буюмдары үчүн сумкалардын (рюкзактардын) үлгүсү.
_____________________________________________________________
Требования к участникам конкурса по пошиву формы жилеты для паломников Хаджа-2026 г.
1. Заявление на имя председателя Республиканского штаба по организации хаджа.
2. Копия документов (учреждения, организации, фирмы).
3. Копия лицензии (патента).
4. Предоставление отсканированной копии бухгалтерского баланса со всеми приложениями, заверенного представительным органом за последние три года, в качестве доказательства безубыточной деятельности участника конкурса.
5. Отсутствие у участника конкурса (руководитиля) судимости за экономические преступления (подтвержденный справкой из МВД КР).
6. Отсутствие конфликта интересов между участником конкурса и клиентом. То есть отсутствие родственных отношений со стороны руководителя клиента, участника комиссии по проведению конкурса или других лиц (подтверждается письмом, подписанным руководителем Участника конкурса на бланке организации).
7. Финансовые документы, подтверждающие о деятельности участника конкурса за последние 3 года на рынке швейных предприятий.
8. Документ подтверждающий отсутствие задолженности по налогам и соц.отчислениям.
9. Реквизиты.
10. Образец формы одежды для мужчин и женщин (для показа на конкурсе).
11. 0бразец формы одежды для мужчин Штаба (для показа на конкурсе).
12. Выкройка сумок (рюкзаков) для паломнических тапочек и предметов.
Примечание: Заявки представленные позже указанного срока, не рассматриваются.
Конкурс тууралуу кененирээк маалымат алуу үчүн Муфтияттын төмөнкү дарегине кайрылса болот.
Дареги: Бишкек ш, Жибек-Жолу 264/3. Муфтияттын жаңы кеңсеси.
Конкурс өтө турган күн: 22-октябрь, 2025-ж. Саат 10:00
Документтерди кабыл алуу: 2025-жылдын 22-сентябрынан 20-октябрь, саат 17:00гө чейин.
КМДБнын ажылык бөлүмү
Байланыш тел: 0778486167/0708486167
E-почта: muftiyat.hajj@mail.ru
P.s.: Жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөттөн кечиктирилген арыздар кабыл алынбайт.
(Башкы бетке иллюстрациялык сүрөт колдонулду)